«Кыргызалтындын» башчысы Алмазбек Алимбеков Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумуна келген жок.
Бүгүн комитет Нарын облусундагы Солтон-Сары алтын кенинин айланасындагы абалды карап жатат. Комитеттин кызматкерлеринин айтымында, Алмазбек Алимбеков Солтон-Сары маселеси ага тиешелүү эместей мамиле жасады.
«Эмне үчүн өкмөт Алмазбек Алимбековду эркелетип жатат, түшүнбөй турам? Комитеттин аны кызматтан бошотуу тууралуу чечими бар. Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Алмазбек Алимбеков бул жылдар аралыгында эч нерсе жасаган жок. Кытайлык компаниянын жардамы менен араң «Макмалдагы» ишти баштады», -деди депутат Кожобек Рыспаев.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Кыргызалтындын» жетекчисинин ишмердүүлүгүн 17-сентябрда талкуулоону сунуш кылды.