04:53
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жеңиш Разаков: Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны өстү

Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны өстү. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 7 айында 3 миң 492 жол кырсыгы катталды. Былтыркыга салыштырмалуу 1,6 пайызга көп.

«Былтыр жол кырсыгынан 308 киши каза болгон, 5 миң 532 киши жабыркаган. Ушул жылдын март айынан бери Бишкек жана Чүй облусунун аймагында «Коопсуз шаар» долбоору боюнча камералара орнотулган. Ошондуктан бул аймактарда жол кырсыктарынын саны кыскарган», -деди Жеңиш Разаков.

Эң көп окулган жаңылыктар