16:29
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Өлкө боюнча 2 миллион тоннадан ашуун тоют даярдалды

Ушул жылдын 1-сентябрына карата өлкө боюнча 2 миллион 555 миң 706 тонна тоют даярдалды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул былтыркыга салыштырмалуу 110 миң 48 тоннага көп.

Анын ичинен чөп — 2 миллион 171 миң 269 тонна, саман — 383 миң 341 тонна даярдалган.

«Быйыл Чүй облусунда жалпы тоют 689 миң 751 тонна, Ош облусу боюнча 471 миң 170 тонна, Жалал-Абад облусунда 596 миң 97 тонна, Баткен облусунда жалпы 113 миң 270 тонна даярдалган. Талас облусунда жер аянтынын көпчүлүк бөлүгүндө төө буурчак эгилип бош эмес», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар