06:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Киевде кыргызстандык жарандын сумкасынан тапанча, граната жана октор табылды

Киевдеги супермаркеттердин биринин унаа токтотуучу жайынан Кыргызстандын жараны кармалды. Анын сумкасынан 3 граната, тапанча жана октор табылды. Бул тууралуу Информатор сайты жазды.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктын жанынан дагы колкап, балаклава табылды. Укук коргоочулардын баамында, анын адам уурдоого катыштыгы бар.

Полиция Novus супермаркетинин унаа токтотуучу жайынан шектүү делген Lexus унаасын байкашкан. Айдоочу унаадан түшкөн маалда, полиция анын жанына барып документин талап кылган. Айдоочу тапанчасын алып чыгып, полицияны коркутуп качып кетүүгө аракет жасаган, бирок ал колго түшүрүлдү.

Айдоочунун дагы 2 өнөктөшү качып кетти. Полиция качып кеткен шектүүлөрдүн документин таап алышты. 

Эң көп окулган жаңылыктар