02:46
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Кошунага саякат. Эң ири зоопарк, эң бийик имарат жана меймандостук

Расмий маалыматтарга таянсак, чет өлкөгө чыккан жарандардын саны акыркы эки жылда 20-30 пайызга көбөйдү. Кыргызстандыктар иш издеп гана эмес, дүйнө кыдырып, эс алууга дагы көп чыга баштады. Алысырак өлкөлөргө бир аз акча топтоп, капчыкты камдоо керек болсо, жекшемби күндөрү кошуна мамлекеттерди кыдырып келүү мүмкүнчүлүгү кенен.

24.kg агенттиги Алмата болгон сапар менен бирге кошуналардын кызыгуу жарата турган жайларына токтолот.

Чакан тур, чакан ишкана жана жаш ишкерлер

Алмата, Ташкент, Бухара-Самарканд багытындагы кыска турлар бир нече чакан ишканалардын пайда болушуна шарт түздү. Жаш туроператорлор өлкө ичинде саякат менен бирге, Өзбекстан менен Казакстанга чакан каттамдарды уюштуруп, туризм жаатында тажрыйба топтошууда. Бул тармакта иштеген компаниялардын көпчүлүгүндө жаштар иштешет. Жетекчилери дагы 30га жете элек кыз-уландар экендиги кубандырбай койбойт. Мисалы, мен кайрылган Ташкент жана Алмата боюнча сапар уюштургандар ишкананын жетекчиси жаш кыз, кызматкерлери, айрыкча гиддери туризм тармагында билим алган студенттер. Алматага биз менен сапар алган Айдай 20 жаштагы студент. Билимдүү, тыкан, жоопкерчиликтүү жана мыкты уюштуруучулугу менен мактоого арзыды.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Биздин гид тыпылдап сүйлөп, Алматанын кооз жерлери, алардын тарыхы боюнча гана айтып берүү менен чектелбестен, берген маалыматты кайра сурап, угуп-укпай жатканыбызды да текшерип жатты.

Чек ара туристтерге дайым ачык

Өзбекстан туристтерди тартууга, деги эле экономика жаатында кызуу иш алып барып жаткандыктан, чек арачылар дагы милдетин жакшы түшүнүп, туристтерди жылмайып тосуп алууга аракеттенет.

Казак чек арачылары, балким ары-бери өткөн элдин көптүгүнөнбү, же кыргыз туристтери анчейин баалабагандыктанбы, кош көңүл карашат. Анткен менен ЕАЭБдин шарттары боюнча кыргыз-казак жарандары жеңил гана паспорттук көзөмөлдөн өтүшөт. Айрыкча таңга жуук эл аз болгондуктан чек арадан бат эле кетүүгө болот. Бирок, Алматадан түн жарымында кайткандыктан, узун кезекке туш келип, 1-2 саат «Акжол» постунда кармалып калышыңыз ыктымал.

Заманбап шаар — Алмата

Алмата байыркы шаарлардын катарына кирбейт. Андыктан анда өтө тарыхый маданий-мурастарды издөөнүн зарылчылдыгы жок. Шаар алгач эле бийик имараттардын көптүгү менен тосуп алат. Эгер үстүнөн карасаңыз Бишкектегидей жер үйлөр жоктой көрүнөт. Анткен менен шаардын борборуна жакын жерлерден дагы жер тамдарды кезиктирүүгө болот.

Калкы Бишкектен 10 миллионго көп.

«Жаныбыздагы шаар ушунча чоң экенин билбепмин», — деп таң калып «Көк-Төбөдөн» көз салды менин жолоочум.

Албетте шаардын символу — алма. Бир кезде калаанын аймагында өтө көп алма бактар болгону айтылат.

1997-жылга чейин борбор калаанын расмий аталышы Алма-Ата болчу. Конститацияга өзгөртүүдө Алмата деп ката жазылып калып, ошондон аталышы алмашты.

Кыргызстандыктар шаарга сапарын метродон башташат. Узундугу 11 километрге чоюлган метро шаардын жолдорун автотыгындан бир аз болсо да жеңилдетүүгө жардам берери бышык.

Метронын тогуз станциясынын ар бири өзгөчө тематика жасалган. Мисалы, Муктар Ауэзов атындагы станция улуттук колоритте кооздолгон.

Шаардын жалпы көрүнүшү Бишкектен айырмаланбаганы менен коомдук транспорттук көптүгү, кичи автобустардын жоктугу жана көчөлөрдүн тазалыгы дароо көзгө урунат.

Соода борборлору өтө көп. Эң ири шопоголиктердин сүйүктүү жайы, дүйнөлүк бренддердин дүкөндөрү бар — «Мега» центр.

Фото «Айнек шаарча»

Шаардын бизнес борбору болгон «Айнек шаарча» «Көк-Төбөдөн» дагы жакшы көрүнөт. Ал эми эң бир имараты — Esentai Tower.

Шаарда ири парктар дагы көп. Алар абдан жашыл, аймагы кенен, бийик бак-дарактар, чакан көлмөлөр бар.

Борбордук Азиядагы эң ири зоопарк

Алматага так ушул зоопаркты көрүү үчүн баруу керек. Анткени, Көк-төбө панорамасы кооз болгону менен, анчейин кызыгуу жаратпайт. «Медео» жана «Чимбулак» тоо базалары албетте барып көрүүгө татыктуу. «Медео» айрыкча кышында эң ири муз аянтчасы менен кызык. Бирок, мындай тоо койнундагы эс алуучу жайлар Бишкектин айланасында деле жетиштүү болгондуктан Алматага сапарда зоопарктан өтөрү жок.

Алмата зоопаркы 1930-40-жылдары түзүлүп, учурда 21 гектарга жайгашкан. Кирүү баасы чоңдорго 700 (130 сом)тенге, балдарга 400 (70 сом) тенге. Алты жашка чейинки бөбөктөргө бекер.

Зоопарктын бул күнкү алгачкы коногу биз болдук.

Айланасына суу чачылып, тазаланып, иреттелген аймакка туш келдик. Бир нече жерге желим идишке суу куюп коюшкан. Чаңкагандар бөтөлкөсүнө куюп, же стакан менен бекер ичип кете беришет.

Эртең менен жырткычтар нанүштөгө чыгышкан экен. Айрыкча арстандар менен жолборстор таза этти тиштеп, Бишкектен келген конокторго көңүл бурушкан жок.

Бөрүлөр, чөөлөр, аюулар, жылан,түлкү, крокодил... баарынын олтурган жери өзүнө ылайыктуу жасалып, коопсуздук чаралары да толук сакталыптыр.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Маймыл, Жираф, Фламинго... баарынан мага ак аюу менен Аруужан аттуу пил жакты. Сүрөткө түшкөндү, элдерге жакын келип саламдашканды үйрөнүп алышыптыр. Зоопаркты шашпай кыдырып чыгуу үчүн эки саат аздык кылат.

Убакытка так болсоңуз, кечикпей түнкү 12де Бишкекте болуп каласыз. Кааласаңыз, түнөп, эртеси Алматанын мыкты аквапаркы, эс алуу жайларындагы аттракциондорунда чер жазсаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар