Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаевдин өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков аны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Карим Кокрекбаевдин Кыргызстандагы жемиштүү ишмердигин белгилеп, анын эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык жана жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи. Ал элчиге бардык жакшылыктарды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Карим Кокрекбаев жолугушууга ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердигин жүргүзүүдө боордош элдин жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин колдоосун сезгенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерин бекемдөөгө болгон билимин жана тажрыйбасын колдонгонун баса белгиледи.