19:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат тарады

Мурунку президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат тарады. Бул тууралуу Башкы прокуратура жазып чыкты.

Эске салсак, 19-августта Бермет Акаеванын Кыргызстанга кайтып келгенин жактоочу Канат Хасанов Фейсбукка жазган. Ал «Бермет Акаеваны 2 балалуу орус жигит тосуп алды. Принцибинде ага карата кылмыш иши козголгон эмес», -деп жазган. Аскар Акаев кызы туулган жерине туугандары менен учурашуу үчүн келгенин түшүндүргөн.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, буга чейин Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фонду, уулу Айдар жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. «Мээрим» фонду боюнча баш-аягы 30 кылмыш иши козголуп, жалпы чыгым 64 миллион сомду түзөрү эсептелип чыккан.

Ал эми Айдар Акаевге карата төрт кылмыш иши ачылган. Анда мамлекетке үч миллион долларга жакын зыян келтирген деп айтылууда. Ага дагы 11 ишке кыйыр түрдө тиешеси бар деп издөө салынган.

Ал эми казакстандык күйөө баласы Адил Тойгонбаев бир нече берене менен айыпталып, 20 жылга сыртынан кесилген.

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери жана башка жагдайлар боюнча суракка алынарын эскертип жазган.

Эң көп окулган жаңылыктар