2019-жылдын 7 ай аралыгында Кыргызстанга 8 миң 757 чет элдик жаран иштөөгө уруксат алышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөгө келген жумушчулардын саны боюнча кытайлар алдыда— 6 миң 711 адам. Андан кийинки катарда 588 түрк жараны, 238 корея жараны, 186 пакистан жараны, 113 америка жараны, 104 индия жараны жана 104 өзбек жарандары.
«Ушул жылдын апрель айынан тарта уруксат берүү документтеринин баасы кымбаттаган. Уруксат берүү документтерден бюджетке 64 миллион 300 миң сом түшкөн», -деп айтылат маалыматта.