06:11
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Путиндин сапары. Орусиянын президенти гвардиячылар менен кыргыз тилинде учурашты

Владимир Путинди № 1 мамлекеттик резиденциядан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Протоколдук азем жаңы форматта өттү. 

Орусиянын башчысы «Аурус» жеке унаасы менен Конгресс-холлго келди. Чет элдик лидерлерди расмий түрдө тосуп алуу үчүн резиденцияда ак мрамордон салынган аянтча дайындалган.

Эки мамлекеттин башчылары аянт менен басып, аларды Ардактуу кароол салам менен тосуп алышты. Анда эки өлкөнүн гимндери жаңырып турду. Орусиянын президенти гвардиячылар менен кыргыз тилинде учурашты. 

Эң көп окулган жаңылыктар