Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Бүгүн абанын температурасы Чүй облусунда +22...+27, Талас жергесинде +20...+25 градус, Ош, Баткен жана Жалал-Абад аймактарында +23...+28 градус жылыйт. Нарында +17...+22, Ысык-Көлдө +16...+21 градус жылуу болушу күтүлөт.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы Ошто +26...+28, Бишкекте +25...+27 градуска жетет.