15:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жалал-Абад: Т. Юлчибаев көчөсүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абад шаарындагы Т. Юлчибаев көчөсүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, аталган жолго союз мезгилинде да асфальт төшөлгөн эмес.

«Бул жылы тургундардын демилгеси жана калаа бийлигинин колдоосу менен узундугу 482, туурасы 5 метр болгон жолго асфальт басылып, пайдаланууга берилди», -деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы Спутник аймактык башкармалыгындагы Т. Юлчибаев көчөсүндө жалпы 300гө жакын калк жашайт.

Эң көп окулган жаңылыктар