10:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда 24,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Ушул жылдын курулуш иштери маалы башталгандан тарта Кыргызстанда 24,5 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бюджеттин эсебинен жергиликтүү маанидеги 10 чакырым жол асфальттанды. Ошондой эле чек арада жайгашкан жана маанилүү делген жолдорго асфальт төшөлдү.

«Инвестицияланган долбоорлордун эсебинен 14,5 чакырым жаңы жолдор курулду. Анын ичинен 2 чакырым түндүк-түштүк жолу, 5 чакырым Бишкек-Кара-Балта, 1,5 чакырым Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана 6 чакырым Ош-Баткен-Исфана жолдору», -деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар