16:18
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Орусияда кыргызстандык айдоочу жол кырсыгына кабылды

Тверь облусуна караштуу Калинин районундагы Городище айылында кыргызстандык айдоочу жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу kp.ru басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, № 205 бус чөнөккө түшүп кетип капталына оодарылып калган.

Окуя кечээ болгон. Анда 30 жаштагы кыргызстандык айдоочу катуу жабыркаган. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, ал унааны башкара албай кырсыктаган.

Унаанын ичиндеги өспүрүм жабыркаган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар