11:45
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бердымухамедов акыркы он күндөн бери алгачкы жолу телеканалдардан көрсөтүлдү

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов он күндөн ашык убакыттан бери алгачкы жолу мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлдү. Анда өлкө башчынын эмгек өргүүсүндө активдүү эс алып жатканы айтылды.

Мамлекеттик телеканалдын кечки эфириндеги репортажда Бердымухамедовдун велосипед тээп, ат минип, куралдан ок атып жатканы көрсөтүлдү.  

Бул түркмөн лидеринин акыркы он күндөн бери алгачкы жолу телеканалдардан көрсөтүлүшү. Акыркы жолу өлкөнүн мамлекеттик ЖМКлары Бердымухамедовду анын каза болгондугу тууралуу ушактардан кийин 24-июлда көрсөтүшкөн. Бирок айрым адистер анда көрсөтүлгөн кадрлар менен «Ватан» берүүсүнүн быйыл 10-майдагы чыгарылышындагы кадрлардын окшоштугун айтып чыгышкан.

Мурдараак өлкөнүн расмий маалымат каражаттары мамлекет башчы 15-июлдан 15-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканын кабарлашкан. Мурдагы жылдары Бердымухамедов мындай узак убакытка эмгек өргүүсүнө чыкчу эмес. Мындан тышкары мамлекеттик маалымат каражаттары күн сайын анын эмне менен алек болуп жатканын көрсөтүп келишкен.

21-июлда социалдык түйүндөрдө Бердымухамедов 20-июлда каза болгондугу тууралуу маалыматтар пайда болгон. Ошол эле күнү ТАСС агенттиги Түркмөнстандын Москвадагы элчилигине таянып, президенттин өлүмү тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Эң көп окулган жаңылыктар