03:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ӨКМ: Табигый кырсыктардан 18 миң 253 кожолуктун үлүш жерлери корголду

Табигый кырсыктардан 18 миң 253 кожолуктун үлүш жерлери корголду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, бул жылы капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринин алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө иши 7 ай ичинде 58 объектте жүргүзүлгөн.

Натыйжада жалпы 12 миң 504 гектар чарба үлүш жерлер корголду. Мындан тышкары 2 көп кабатту үй, 2 бала бакча, 1 ички чарбалык көпүрө, 1 мечит, 1 мүрзө, 2 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 7 көпүрө, 1 мектеп сел коркунучунан корголуп, 3 миң 315 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Эң көп окулган жаңылыктар