02:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа оодарылып кетип, жүргүнчү жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташыган унаа оодарылып кетип, жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
 
Окуя кечээ Бишкек-Ош унаа жолунун 417-чакырымында болгон.
 

Маалыматка караганда, «MAN» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны 50 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Ал рулду башкара албай калып, унаа оң капталы менен оодарылып, 25-30 метр жерге сүрүлүп барган. Кесепетинен унаада бара жаткан жүргүнчү денесинен ар кандай жаракат алып Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар