21:56
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстандык 2 жаран Казакстанда катталаган жол кырсыгында каза болду

Кыргызстандык 2 жаран Казакстандын Кызыл-Ордо облусунда катталаган жол кырсыгында каза болду. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазды.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ Батыш Европа-Батыш Кытай жолунда катталган. Жеңил унаа менен жүк ташуучу унаа кагышкан.

«4 киши окуя болгон жерде каза болгон, дагы бири райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Каза болгондордун экөө Кыргызстандын жараны. Дагы 3 кыргызстандык дарыгердин көзөмөлүндө турат. Алардын абалы оор», -деп билдирди басылма.

Эң көп окулган жаңылыктар