03:02
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Алдыңкы күндөрү Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт

Бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-3-август күндөру абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 37-39° чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 39-41° чейин ысышы ыктымал. 6-августтан 9-августка чейин Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жала-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38-40° чейин, Талас өрөөнүндө 36-38° чейин жогорулашы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар