19:58
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Мирхад Чекирбаев Парижде өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада 3-орун алды

Бишкектеги № 9 мектептин окуучусу Мирхад Чекирбаев Парижде өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада 3-орунду багындырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, олимпиадага 84 өлкөдөн 330 окуучу катышкан.

Мирхад Чекирбаевден сырткары Кыргызстандан барган Нурсултан Соодонбеков, Эльмар Зикиров жана Бакай Шейитов сертификаттар менен сыйланышты.

Эң көп окулган жаңылыктар