09:29
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Түркмөнстанда президенттин өлүмү тууралуу ушак тараткандар кармалды

Түркмөнстанда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу ушактарды тараткан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата «Түркмөнтелеком» ишканасынын Лебап облусундагы бөлүмүнүн кызматкери, Суу чарба башкармалыгынын жана жергиликтүү Турак-жай-коммуналдык чарбасынын бирден жумушчулары кармалды.

Мурдараак Түркмөнстанда айрым эстрада ырчылары менен блогерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу мекендештерин президент Гурбангулы Бердымухамедовдун өлүмү тууралуу кабарга ишенбөөгө чакыра башташкан. Алардын көбү #duryalan («токто, жалган») деген хештэг менен билдирүүлөрдү жазып, президентке өмүр тилеп, жалган маалымат тараткандарга каргыш айтышкан.

21-июлда оппозициячыл «Эркин Түркмөнстан» ютуб-каналы өлкөнүн баш калаасындагы өз кабарчыларына шилтеме кылып, мамлекет башчы 20-июлда каза болгонун билдирген. Президент эл алдына акыркы жолу 5-июлда чыккан. 15-июлда анын басма сөз кызматы президент эмгек өргүүсүндө экенин билдирип, мамлекет башчынын неберелери менен ойноп жатканы тартылган видеону тараткан.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби