16:03
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Акыркы 2,5 жылда 22 миң кыргызстандык Россиянын паспортун алды

2017-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 30-июнуна чейин 22 миң 69 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлигинин сайтында маалымдайт.

Маалыматка караганда, 2,5 жылда мурдакы советтик өлкөлөрдүн 633 миң 129 жараны Россия паспортун алышты.

Баарынан көп Украина жарандары жарандык алышты. 2,5 жылда 213 миң 98 киши россиялык болду. Экинчи орунда Казакстан — 109 миң 639, үчүнчүдө Тажикстан — 84 миң 527 киши.

Кыргызстан бул тизмеде сегизинчи орунда турат.

Эң көп окулган жаңылыктар