14:27
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өзбекстанда бала бакча тарбиячыларын алдап чакырышып көчө тазалаштырышкан

Өзбекстандын Навои облусундагы Зарафшан шаарында спорттук марафонго келген бала бакча кызматкерлери көчө тазалоого аргасыз болушкан.

Маалыматка караганда, аларды жергиликтүү бийлик 15-июлда спорттук марафонго чакырган. Бирок баргандан кийин көчө шыпырууга мажбурлашкан.

Тарбиячылардын айтымында, дайыма көчө шыпырууга мажбурлана турганын, баш тарткандарды жумуштан кетирүү менен коркутушарын маалымдаган.

Жергиликтүү акимчиликтин бул боюнча кабары жок.

«Бизде жума сайын Саламаттык күнү өтүп турат. Бул күнү кызматкерлерибиздин бардыгы дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, гимнастика менен алектенишет. Дене тарбияны мажбурлап иштетүү деп айтууга болобу?», — деди акимчилик өкүлү.

Буга чейин өлкө президенти Шавкат Мирзиёев бюджеттик мекемелерде иштегендер, анын ичинде мугалимдер, дарыгерлер жана бала бакча тарбиячылары көчө тазалоого мажбурланбашы керектигин билдирген.

Бирок мамлекет башчынын эскертүүсүнө карабастан, аймактагы аткаминерлер дале болсо мажбурлап иштетүү тажрыйбасынан баш тартпай келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар