04:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкекте кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин жыйыны өтөт

Бишкекте кыргыз-казак өкмөт аралык кеңештин VIII жыйыны өтөт.

Бүгүн Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Бишкекке келди.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Аскар Маминди Сооронбай Жээнбеков да кабыл алат.

 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума