Конституциялык палата КСДПнын «Президенттин ишмердигине кепилдик жана экс-президенттин макамы» тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө арызын кабыл алды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине партиядан билдиришти.
Андан тышкары, Алмазбек Атамбаевдин юристтери Конституцилык палатага дагы арыз жолдошту. Алар Жогорку Кеңеш дагы экс-президенттин макамын ала албайт деп эсептешет.
«Мыйзамдын артка күчү жок. Алмазбек Атамбаев иштеген кезде ага мыйзамдын 2003-жылы кабыл алынган редакциясы иштеп жаткан. Андыктан ал мурдакы өлкө башчысы катары абсолюттук кол тийбестикке ээ», — деп билдирди КСДПдан.
«Президенттин ишмердигине кепилдик жана экс-президенттин макамы» жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүу май айында күчүнө кирди. Ага ылайык экс-президент саясатка аралашып, партияны башкара албайт.