22:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Экс-президенттин макамы. Атамбаев менен Жээнбековдун сотторун четтетүү суралды

Бүгүн Жогорку соттун Конституциялык палатасы Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын «Президенттин ишмердигине кепилдик» жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы арызын карай баштады.

Эскерте кетсек, аталган мыйзамга өзгөртүү 15-майда күчүнө кирген. Андан кийин июнь айында парламент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан. Жактоочулар мыйзам өзгөртүү, андан кийин парламенттин жана укук коргоо органдарынын Алмазбек Атамбаевге карата кадамдары мыйзамсыз экендигин белгилейт.

Соттук угууда Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Нурбек Токтакунов Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевди ишти кароодон четтетүүнү сунуштады.

«Карыбек Дүйшеев Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеген. Бул ишти калыс кароого жолтоо болот», — деди ал.

Соттук коллегия жактоочунун сунушун четке какты.

Жогорку Кеңештин юристтери Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары Эркинбек Мамыровго ишенбестик билдиришти. Алардын айтымында, Эркинбек Мамыров мыйзам кабыл алынганча эле ЖМК аркылуу өз пикирин билдирип, конституциялык соттук өндүрүштөгү мыйзамга каршы кадамга барган. Бул боюнча тартип комиссиясынан эскертүү да алган.

Эң көп окулган жаңылыктар