16:01
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Адвокат: Атамбаев дагы бир кылмышка шектелүүдө

Бир нече кылмышка шектелип абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылы 9-октябрдагы Бишкектин борбордук аянтындагы массалык башаламандык уюштурууга шектелип жатат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев кабарлады.

Жоошев шектүүгө берилген билдирүүнүн үзүндүсүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда «2020-жылы 9-октябрда Атамбаев өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Бабанов, Ниязов, Султанбеков, Сагымбаев жана башка адамдар менен сүйлөшүп алып, эл топтоп Ала-Тоо аянтына бийликти басып алууга максат кылган» деп айтылат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаев 2019-жылы камалган.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отуруп, кийин ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги № 47 абакка которулган. 2020-жылдын июнунда ал пневмония болуп, ооруканага жатып чыккан.

2020-жылы 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана айрым жаш активисттердин митинги Садыр Жапаровдун тарапкерлери тарабынан үзгүлтүккө учураганы кабарланган. Садыр Жапаровдун тарапкерлери буга тиешеси жок экенин айтып чыгышкан эле.

Ошондой эле, ал окуяда курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот. Кийинчерек соцтармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин автоунаасы аткыланганы кабарланган.

2020-жылдагы 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын бир тобу түрмөдөн чыккан. Кийин 10-октябрда кайра камакка алынган эле.

Эң көп окулган жаңылыктар