20:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Сапар Исаков № 27 түзөтүү абагына которулду

Мурдакы премьер-министр Сапар Исаков № 27 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков үч иш боюнча айыптуу деп табылып, жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратылды.

«Сапар Исаковлу 22-сентябрда которушуптур. Себептери бизге белгисиз. Учурда ал карантиндик зонада экен», — дейт Бакытбек Автандил уулу.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек жылуулук станциясын модернизацияло, Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо кылмыш иштери боюнча соттолду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума