18:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстандык кабылган жол кырсыгында россиялык миллиардердин уулу набыт болду

Кыргызстандык Москвада адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына айыпталууда. Бул тууралуу 24.kg KGinfo.ru порталынын өкүлү Асылбек Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, 22 жаштагы А.И. Москвада таксист болуп иштеген. Ал 8-июль күнү Фрунзенский көчөсүндө жол кырсыгына кабылган.

Россиялык ЖМКнын маалыматында, таксист жол чырактын жашыл белгиси күйгөн кезде айдаган. Мотоциклист жолдон өтүүгө жетишпей, таксини сүзүп алган. Жыйынтыгында эки унаа тең күйүп кеткен. Мотоциклдин айдоочусу каза болгон. Ал россиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр экени белгилүү болду.

9-июль күнү Таганск райондук соту кыргыз жаранын камоого алып, ага адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгын алып келүү айыбы тагылды. Таксист беш жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Владимир Маруговду Россия «колбаса ханы» деп аташат. Анын колбаса чыгарган бир нече ишканасы бар.

Таксистте Өзбекстандын айдоочулук күбөлүгү болгону айтылууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар