20:42
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Ош шаарында эки тигүүчү ишкана ишке кирет

Быйыл Ош шаарында эки тигүүчү ишкана курулат. Ал өз кезегинде республикадагы ички миграцияны кыскартып, жаңы жумушчу орундарды түзүүнү шартттайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Комитеттен кабарлашкандай, өлкөнүн түштүгүндө «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧК өндүрүш объекттеринин курулушу жүрүп жатат, аны үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында ишке киргизүү пландалууда.

Чүй облусунда «Silk Way» индустриалдык-логистикалык борборунун курулушу башталды, ал аймакта офистер, кампалар, жүк ташуучу унааларды токтотуу үчүн атайын жай жана тигүүчү фабрика орун алат.

Ведомстводон кошумчалашкандай, аскердик жана атайын жумушчу бут кийим чыгаруучу «Империал групп Компани» ЖЧКсы жылына 100 миң түгөй бут кийим долбоордук кубаттуулугу менен ишке киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума