15:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөткө Екатеринбургта кыргыз жаранын атып өлтүрүлгөндөрдү табуу талабы коюлду

Екатеринбург шаарында «Кыргызстан-Урал» коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовду атып өлтүрүлгөндөрдү таап, ишти кылдат иликтөө керек. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылуусунда айтылат.

Ал бул — мигранттарга жасалып жаткан алгачкы же акыркы кол салуу деп айтууга азырынча эрте экендигин белгилейт.

«Жыл сайын 2,5 млрд доллардан ашуун акча которуп, экономикага эбегейсиз салым кошуп жаткан мекендештерибиздин чет өлкөдөгү укуктары, коопсуздугу, кызыкчылыктары корголобу деген суроо учурда коомчулукта орчундуу болуп турат. Мекендешибиздин өлүмү боюнча тергөө тобу тарабынан түрдүү версиялар айтылып жатат. Сиз өкмөттүн башчысы катары баардык тиешелүү министрликтерге конкреттүү тапшырмаларды берип, ЕАЭБдин алкагындагы укуктарыбызды толук кандуу пайдаланып, мигранттардын кооптонууларын азайтып, кылмыштын чоо-жайын обьективдүү аныкталышын камсыздап берүүңүздү суранамын», — дейт Бакыт Төрөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар