12:34
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нүргүл Каимова: Биз аркылуу четте жүргөндөр Кыргызстандагы мүлкүн алып-сата алат

Нүргүл Каимова 13 жылдан бери Москва шаарында өзү негиздеген Кыймылсыз мүлк маалымат борборунда иштейт. Акыркы 3 жыл ичинде Кыргызстандагы ири курулуш компаниялары менен келишим түзүп, Орусия менен Түркияда эмгектенип жүргөн мигранттарга батирлерди жеңилдетилген жол менен сунуштап келет.

Мекендешибиз 24.kg агенттигине чет жердеги ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

— 3 жыл ичинде канча мигрант батирлүү болушту?

— Биз жалпы 4 курулуш компаниясы менен келишим түзүп, иш алып баруудабыз. 3 жылдын ичинде 250 батир саттык. Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Кант шаарларынан сатылды, ошентсе дагы Бишкектен алынган батирлердин саны басымдуулук кылат.

Биз иштешкен курулуш компаниялардын мигранттар үчүн атайын программалары бар. Мисалы, алгачкы төлөмдү бөлүп бере тургандай шарт коюп беришкен. Алсак, апрелде акчасын төлөй турган болсо, ага ачык дата коюлган. Айдын каалаган күнү, мисалы отузуна чейин төлөсө болот. Эч кандай айып санкциялары жок. Кыскасы жакшы шарттар каралган. Учурда Орусия, Түркиядагы мигранттарга сатып жүрөбүз.

— Түркияда эмгектенген мигранттардын канчасы сиздердин кызматтан пайдаланды?

— Түркияда иштеген мигранттар батир алалы деген сунушун айтышкан. Биз ортого түшүп себепчи болдук. Түркиядагы мекендештерге азырынча болгону 2 гана батир сатылды. Негизги базарыбыз —Москва шаары.

— Атаандаштык жагынан сиздердин агенттик кандай туруштук берүүдө?

— Мен турак-жай агенттиги тармагында иштегениме 16 жыл болду. Өзүм иштеп жүрүп команда чогулттум, бара-бара расмий түрдө «Паритет кыймылсыз мүлкү» агенттигин ачтык. . Негизи Москвадан үй сатып алуу аябай оңой болуп калды. Кыргызстандыктар ачкан 1-2 агенттик бар, эң чоңу — «Паритет кыймылсыз мүлкү».

Азыркы тапта агенттикте 24 киши эмгектенет. Төртөө гана орус жараны, калган кыргызстандыктар.

— Командаңызда ар кыл кесиптин ээлери бар экен, бул сиздердин ишти алып кетүүдө кыйынчылыкты жаратпайбы? Кандай критерий менен кадр тандайсыз?

— Жаштарга койгон талабым -окууга кызыгуусу болуш керек. Жаңы тармакты окуйм, үйрөнөм дегендер болушу шарт. Себеби, азыр сатуучуларга талаптар көп. Көпчүлүк менен мамиле кура билген, пикир алыша билген, көп китеп окуган киши болсо ишке алам.

Менин колумдан окуп, үйрөнгөн жаштар көп чыкты. Алды өз алдынча жеке ишкер болуп эмгектенүүдө. Менден иштеп кеткендердин 80 пайызы Москвада өз ордун тапкан. Былтыр негизги агымды дагы жаңылап, жаштарды чогултуп бир топ ачтым. Азыр изденген балдар-кыздар чогулду.

Кыргызстанга кол алдымда иштеген 2 бала келген, бул жерден иш ачып, бирок кайра эле Москвага кетип калышты.

Москвада ишкерликти баштоо аябай жеңил. Башка жактагыларга салыштырмалуу орто, чакан бизнез ачууда документ, салык жагынан оңой.

Мисалы, 3 жыл салыктан бошотулат. Ошол үчүн кайра эле Москвага кетип жатат деген пикирдемин.

Кыргызстандан бизнес баштоо мен үчүн деле коркунучтуу. Былтыр Бишкекте филиал ачып, тилекке каршы 8 ай иштегенден кийин жабылып калды. Кыргызстандын аудиториясы азырынча жетише элек деп ойлойм. Мисалы, Орусиядан ижара тармагын эле алсак, бир батирди ижарага алыш үчүн, батирдин баасынан 50 пайыздан 100 пайызга чейин комиссия төлөнөт. Кыргызстанда элде комиссия төлөнөт деген түшүнүк жок.

— Мигранттар үчүн кыймылсыз мүлк алып сатуу боюнча ири сайт ачыптырсыз?

— Кыймылсыз мүлк боюнча ири сайт ачуу идеясы мурун эле жаралган. Четте жүргөндө патриоттук сезимдер күчөйт. Андыктан, акырындап болсо дагы Кыргызстандын кыймылсыз мүлк тармагына жаңылыктарды, жаңы ыкмаларды киргизүүнү туура көрдүм. Бир жыл даярдап, ишке киргиздик.

Бул кыймылсыз мүлк боюнча чоң ири платформа болот десем жаңылышпайм. Мекендештерибиз чет жакта туруп Кыргызстандагы турак-жайларды алып сатып, алмаштыра алышат. Алар узак жол тартып мекенине келип отурбай , батирин саткысы келсе сайтка кулактандыруу берип, номурларын жазып сата алат.

Негизинен жөндөмдүү кардарлардын 60 пайызы чет жакта, бул жакка келип үй сатканга, келишим түзүп, ары-бери чуркаганга деле убактылары жок. Мында келсе дагы убактысы той-аш менен эле өтүп кетет.

Нүргүл Каимова
Ушул сайтты кыргызстандыктардын ар бир онунчу кишиси билсе, жеңилдик болот деп ойлом.

— Москвадан батирди ижарага алгандардын саны көппү?

— Аябай көп. Москвага барган мигранттардын көйгөйү- бири жумуш,экинчиси жатакана. Азыр илгеркидей болбой калган, мисалы мурда 1 батирге 30-35 адам жашачу. Азыр андай көрүнүш жок. Бир үй-бүлө бир батирде жашайт.

Мисалы, 5 жыл мурунку кардарлардын статистикасын жүргүзсөм, 70 пайыз жалаң бой кишилер болчу.

Азыр 99 пайыз жалаң балалуулар (2-3төн баласы барлар), же жок дегенде кош бойлуулар батир алышат. Өкүнүчтүүсү ал жакта иштегендер акчасынын көп бөлүгүн Орусиянын экономикасын көтөрүү үчүн берип жатышат. Акча мурдагыдай Кыргызстанга көп чыкпай калды.

Нүргүл Каимова
Анткени бала бакча, мектеп, кийим-кечек, тамак-аш дегенге каражат талап кылынат. Мурда 50 миң рубль акча болсо, анын 10 миңин өздөрүнө жумшап, калганын Кыргызстанга жөнөтүшчү. Азыр андай жок, бала-чакасы Орусияда жашагандыктан, жогорудагы чыгымдарды Орусияга төлөөгө туура келет.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк тармагы анча өнүккөн эмес. Суроо-талап бар, бирок ошонун туура структурасы жок. Кыргызстан Бирдиктүү бажы бирикмесине кошулгандан тарта, Москвада кыргыз жарандарына дагы даяр батирди ипотекага бере баштады. Иштеген жериң дайындуу болсо, банк талап кылган документти толтуруп ала аласың. Ал эми Орусиянын жарандыгын алып алгандарга аябай эле жеңил.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби