20:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

УКМКнын алдында Кылычбек Султанды колдоо митинги өтүп жатат

УКМКнын алдында мурдакы элчи Кылычбек Султанды колдоо митинги өтүп жатат. Ага «Супер инфо» гезитинин жана Super.kg порталынын журналисттери катышууда.

Кылычбек Султандын айтымында, УКМК аны күбө катары чакырган. Бирок, сурак боюнча маалымат бербөөгө кол койгондуктан кылмыш иши боюнча кенен айта албайт.

«Бул саясый иш. Куугунтуктап, коркутуу аракети көрүлүп жатат. Мен Кой-Ташка баргандан эртеси эле таң атпай чакыруу алдым», — дейт ал.

Кылычбек Султан кечээ беш саат суракта олтурду.

Митингге чыккандар ал чыкканча күтүп турушмакчы.

Эң көп окулган жаңылыктар