11:30
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кылычбек Султан: Коопсуздук кеңештин чечими- Эсеналиев менен Абдылдаевдин жеңиши

«Коопсуздук кеңештин чечими президенттин аппаратынын жетекчиси Доосалы Эсеналиев менен Эрлан Абдылдаевдин жеңиши», — деп билдирди Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан.

Ал аталган аткаминерлерди жеңиши менен куттуктап, президент Сооронбай Жээнбековго мындан ары адашпай чечим чыгарууну каалады.

«Эң акыркы жаңылыш чечимиңиз мен болоюн», — деп жазды ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына.

Эскерте кетсек, Кылычбек Султандын Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигиндеги мыйзам бузуулар боюнча билдирүүсүн текшерип чыккан Коопсуздук кеңеш дипломаттын өзүн айыптап чечим чыгарды. Ал эми Малайзиядагы элчиликтеги жемкорлук жана ага көз жумуп келген ТИМ боюнча эч сөз жок.

Эң көп окулган жаңылыктар