09:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Төө буурчак, Абыке -Көбөш, Чемпион... Дастан Жумабеков жылды жыйынтыктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламентке коомдо айтылган сындарга терикпейт. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жакшы иштеген кишини сын ээрчип турат.

«Демек биз жакшы иштеп жатабыз», — деди ал.

Парламенттин бир жыл ичинде жасаган иштери катары ал майып балдардын энелерине төлөнө баштаган айлык акыны, жаны Кодекстерди оңдоп-түзөп ишке киргизүүнү, аны менен бирге коомчулукта нааразычылык жараткан түкүрүккө айыппул төмөндөшүн белгиледи.

«Сентябрда жол эрежелерин бузууга коюлган айрым айыптардын дагы көлөмү кыскарат. Андан тышкары, мугалимдердин маянасын 40 пайызга көбөйтүлөт», — деди ал.

Саясый кырдаалга спикердин көз-карашы билгиси келген журналисттер эки жолу суроо беришти.

Кырдаал туруктуу, Таласта төө бурчаак эгилип, Чүйдө суугат жүрүүдө

Дастан Жумабеков
Качан гана Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү кырдаал боюнча суроо берилгени такталганда гана: «Алмазбек Атамбаев коргонуп, таш топтоп, окоп казып жатат. Мен ага ай токтот деп айта албайм да. Анын кадамдары мыйзамдан чыкса, жооп берет», — деди Дастан Жумабеков.

Ал мурдакы өлкө башчысы 1-июль күнү таластыктардан мурдагы сөзү үчүн кечирим сурап, бирок, кайра эле Абыке-Көбөштү эстеп өткөнүн белгиледи.

«Спикер деп мени да атап өттү. Мен бөлүнгөндү жаман көрөм. Кыргыз элим деп гана жүрөм. Мен уурумду эмес, жети атамды атап берем. Алмазбек Атамбаев атап бере алат бекен?», — деп суроо узатты.

Төрага Жогорку Кеңешке кирүү үчүн коюлган дресс-кодко каршы эмес.

«Эми мына сиз жакшына кийинип келипсиз. Бул мен үчүн жагымдуу», — деди ал журналист кызга кайрылып.

Дастан Жумабеков билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын ишине оң баа берет.

«Кемчиликтер болсо карайбыз. Бирок, алгылыктуу иштери дагы бар. Мисалы, Бишкектеги мектепке балдарды кабыл алуу электрондошуп, мурдакыдай кыйынчылыктар жоюлду. Мен аны туугандарым аркылуу өзүм текшерип көрдүм. Андан тышкары, алыскы айылдарда мектептер интернет менен камсыз болууда», — деди ал.

Дастан Жумабеков «Чемпион» каймана аттуу депутат Урмат Самаевдин укук-тартип комитетинин төрагасынын орун басары болууга толук укугу бар дейт.

«Партиялык тизмени БШК текшерип, мыйзамга туура келген талапкерлерди гана өткөрөт. Урмат Самаев эл шайлап келди. Анын башка депутаттардай эле комитетке мүчө, төрага болууга укугу бар. Ал эми Токмоктогу бычакташууга катыштыгы боюнча маалымат такталбаган бойдон калды», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби