05:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Окуу китептериндеги ката үчүн министр Гүлмира Кудайбердиева сөгүш алды

Окуу китептериндеги ката үчүн билим берүү жана илими министри Гүлмира Кудайбердиева сөгүш алды. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү жыйынында айтылды.

Министр менен бирге анын орун басары Надира Жусупбекова дагы мектеп окуу куралдарындагы каталар жана мектептерди интернетке кошуу иши боюнча сөгүш алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура сапатсыз китептер боюнча «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «алдамчылык» беренелери менен кылмыш иш козгогон. Анын чыгым 33 миллион долларга баланууда.

Китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банк 16,5 млн доллар өлчөмүндө насыя жана грант берет. Анын 4 млн 168 миң доллары 5-6-класстар үчүн жаңы окуу куралдарды даярдоого сарпташкан.

Ата-энелер «География», «Табият тануу», «Музыка», «Адеп» жана орус мектептер үчүн чыгарылган «Кыргыз тил» китебинен грамматикалык каталарга жана маңызындагы туура эмес маалыматтарга даттанып келишет.

 
Эң көп окулган жаңылыктар