«Город 312» тобунун солисткасы Светлана Назаренко россиялык телеканалдын эфиринде кыргыз тилинде ырдады. Эфирдин үзүндүсү Facebook социалдык тармагына жайгаштырылды.
Ырчы RU.TV каналынын «Север-шоу» аталышындагы көңүл ачуучу долбоорунда «Сен менин» аттуу ырды аткарган.