00:15
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын жетекчисин атып кетти

Орусиянын Екатеринбург шаарында жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ишкерди Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин алдынан атып кетишкен.

Күбөлөрдүн билдиргенине караганда, аны атып кеткен адамдар экөө болгон. Алгач алар ишкер менен мушташып, андан соң эки жолу атышкан. Ок анын курсагына жана бутуна тийген. Андан кийин алар из жашырып качып кетишкен. «Тез жардам» кызматы келгенде ал тирүү болгон.

Ошондой эле ишкердин үстүнө миң жана беш миң сомдук акчалар чачылып жатканын көргөнүн күбөлөр айтып беришкен.

Жеке ишкердин жардамчысы бул маалымат боюнча билдирүү таратып, ишкерди атып кеткендер унаасын калтырып, өздөрү жөө качып кеткенин айткан. Ал эми полиция кызматы шектүү жарандардын унаасын тергөөгө алып кетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар