Каракол шаарында 4 жашар бала Кайырма суусуна агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя бүгүн болгон.
«Бала Кайырма суусунун жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен. Наристенин сөөгү Ак-Суу районунун Жолколот айылынан туугандары тарабынан табылды», -деп билдирет ӨКМ.