22:20
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Ата-эне, бир тууган, кайнене, балдыз. Кыргыз ырларындагы тууган-урук темасы

Туугандык байланыш кыргыз саясатында, мамлекеттик башкарууда гана эмес, ыр дүйнөсүндө дагы өзгөчө орунга ээ. Тага-жээк, кайын-журттагы бекем мамилелер акындардын калеминин сыясынын, обончулардын күүлөрүнүн себепкери болуп келет.

24.kg агенттиги туугандарга арналган ырларды тизмектеди.

Ата-эне, кайната-кайнене, балдыз

Элибизде атанын орду бийик, ата үйдүн башчысы, кожоюну делет. Аталарга арналган чыгармалар да өтө көп. Алсак, Эмгек сиңирген артист Самара Каримованын аткаруусундагы «Атакем», «Менин атам жакшы адам», ырчылар Артык Саитов менен Сапар Эркебаевдин дуэтинен жаралган «Атага кат», Ильяз Кудретовдун «Ата», Мирлан Баековдун «Ата тилеги», Нелянын «Атаке» аттуу чыгармалары бар.

Ал эми кайнаталарга арналган чыгармалар дээрлик жокко эсе. Болгону Эмгек сиңирген артист Бек Борбиев «Бүгүн болдум кайната» аттуу ырды аткарып чыккан. Ошондой эле анын «Балдыз» деген чыгармасы бар экенин кошумчалай кетелик.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Кайненелерге арналган ырлар да басымдуулук кылат. Алардын арасында ырчы Ташкент кызы Гүл (Кайнене), Назель (Аяй кайнене), Айпери Кубик кызы (Кайненелер), Жоодарбешим (Кайнене), Баян Сыдыкова (Кайнене), Назми (Кайнене), Рыскүл Базаркулова менен Жыргалбек Акматалиевдин аткаруусундагы тамашалуу ыр (Кайнене) бар. 

Ал эми жалпы ата-энелерге арналган ырларды ырчылар Мирбек Иманбеков (Ата-эне), маркум Таалай Бектурганов (Ата-эне), Нияз Абдыразаков (Эне жүрөгү), Гүлжигит Сатыбеков (Ата-эне), Айпери Кубик кызы (Ата-эне), маркум Жолдубай Кайыпов (Ата-эне), Кенже Дүйшеева (Апакем) аткарышкан.

Конокко куш келипсиз кудача кыз...

Ырчылар Замир Арыкбаев менен Султан Садыралиевдин «Кудача кыз» аттуу ыры 2000-жылдардан кийин хит болгон.

Куудул жана ырчы Жакут Сыдыковдун, ырчылар Алмаз Көчкөнбаевдин жана Айпери Кулбаеванын кудаларга арналган ырлары бар.

Шайыр мүнөз жеңелер

Жезде жана жеңелерге арналган ырларды ырчылар Санжар Бердибеков (Жеңеке), Ильяз Абдразаков (Жеңеке), «Биз» тобу (Жеңелер), Назми (Жеңелер), Калыс Жоомартов (Жеңелерим), Талант Анарбаев (Заманбап жеңелерим), Нурлан Насип (Жеңеке) аткарып жүрүшөт.

Буга чейин ырчылар Мухтар Атаналиев (Жеңелер) менен Ынак Осмоналиев (Жеңе) дагы жеңелерге арнап ырдап чыгышкан, бирок азыркы учурда эки ырчы тең дин жолуна түшүп, ырчылыктан алыс жүрүшөт.

Жаныш Кочкоровдун обунан жаралган «Жеңеке» ыры 1990-жылдардан кийин абдан белгилүү болгонун айта кетпесек болбойт.

Ал эми Бек Борбиев түзгөн «Делбирим» кыздар тобу «Ай жезде» аттуу ыры менен көпчүлүктүн көңүл борборунда калган. Кийин бул чыгарманы Гүланда жана Диана Дамирова дагы аткарып жүрүштү.

Ак жоолукчан келиндер

Ырчы Назир Маматсултановдун «Апама келин болсоң», Токтобүбү Черикчиеванын «Болбой калдым апакендин келини», Данияр Эрматовдун «Апамдын болчу келини» аттуу ырлар ак жоолукчандарга арналган.

Мындан тышкары ырчы Жазгүл Эстебесованын аткаруусундагы «Ак келин», Алишер Тоотаевдин «Келин келди» ырлары жаңырып жүрөт.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды

Ырчылар Венера Назаралиеванын «Кыз узатуу», Айчүрөк Иманалиеванын «Кыз бала», Анжелика Кайратованын «Эрке кызым», Гүлнара Калдарованын «Бак тиледим кызыма», Ширин Сарыгулованын «Бактылуу болгун садагам», жана Эмгек сиңирген ырчы Динара Акулованын «Ак жоолуктуу келин бол», «Ай кызым» аттуу ырлары тойлордун көркүн чыгарууда.

Мындан сырткары Жар-жар айткандардын катарында Анара Шайимкулова, Гүлзат Байзакова, Роза Шакирова, Асел Кадырбекова жана башка ырчылар бар.

Ырчы айымдардан айырмаланып Темир Назаров менен шоумен Манас Алыкулов «Жар-жар» ырын ырдап, көпчүлүктү таң калтырган.

Бир туугандар

Эмгек сиңирген артист Алтынай Нарбаеванын аткаруусунда «Бир тууганым» аттуу чыгарма бар. Жоодарбешим, Чыңгыз Мырзаевдин дагы бир туугандарына арнаган ырларын көпчүлүк уккан. Мындан тышкары эки бир тууган Кызсайкал менен Мажит дагы «Бир тууган» чыгармасын элге тартуулашкан.

Эмгек сиңирген артист Сыймык Бейшекеевдин бөлөсүнө арналган «Бөлөмө» аттуу чыгармасы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар