01:15
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Мээрбек Мискенбаев: Кой-Ташка Атамбаевди колдоо үчүн Баткенден да келишти

«Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө колдоо көрсөтүп баардык аймактардан кишилер келип жатат», — деп «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мурдакы төрагасы Мээрбек Мискенбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди.

Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, Кой-Ташка Чүйдүн Аламидин районунун тургундары гана эмес, Ысык-Көл, Нарын жана Баткенден да келип жатышат.

«Элдин баары Атамбаевдин эмгектерин жокко чыгарып, каралоо саясаты жүрүп жатканына нараазы», — дейт ал.

Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын аброю төгүлгөнүн, мандатын тапшырып кеткенине өкүнбөстүгүн белгиледи.

«Мандатын тапшырым кеткеним жакшы болуптур. Азыркы депутаттардын балдары дагы көчөдө жүрө албай калды болуш керек», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар