15:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Сүннөткө отургузууда көз жумган үч жашар баланын өлүмү боюнча иликтөө башталды

Ысык-Көл облусунда 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу маалында каза болушу текшерилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Окуя 9-июнда болгон. 

Маалыматка караганда, баланы сүннөткө отургузуу үчүн жалпы наркоз берилген, бирок наристенин каражатка аллергиясы кармаган.

«Балага наркоз сайылгандан кийин өтө күчтүү жалпы реакция жүрүп кеткен. Аны сүннөткө отургуза турган дарыгер ооруканада көп жылдан бери иштеп келген. Учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө», — деп билдиришти министрликтен.


Эң көп окулган жаңылыктар