22:39
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген дарбыздар ден соолук үчүн кооптуу

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы базарларды текшерүү маалында, нитраттардын жогорку санда катталган учурларын аныктады. Бул маалымат Фейсбук социалдык тармактарында жарыяланды. 

«Жаңы бышкан дарбыз үчүн нитраттын курамы 1 килограммда 60 миллиграммдан, коондуку 1 килограммда 90 миллиграмдан ашпаш керек. Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген азыктарда 1 килограммында нитраттын саны 200-203 миллиграммды түзүүдө. Жогоруда аталган факты калктын ден соолугу үчүн кооптуулукту жаратат», -деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу мамлекеттик инспекция Өзбекстан менен Тажикстандан алынып келинген азыктарга көзөмөлдү күчөтүүнү суранган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума