02:33
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы элчиге бир катар кызматтык милдет жүктөлдү

Кыргызстандын Бельгия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиевге Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча бир катар кызматтык милдет жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Муктар Жумалиев Кыргызстандын Европа Бирлигиндеги туруктуу өкүлү, Кыргызстындын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргызстандын Нидерланддар Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмундагы (ЮНЕСКО) жана Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдагы (ХКТУ) Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар