Айыл чарба министрлигинде экспортту алдыга жылдыруу бөлүмү ачылат. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.
Айтымында, жаңы бөлүм ТИМ менен тыгыз иштешмекчи.
«Бөлүмдө 5 киши иштейт. 5-июлда сынак жарыялайбыз. Буга чейин министрликте мыйндай бөлүм болгон эмес», -деди ал.
Министрлик негизги экспорттоочу катары ЕАЭБ өлкөлөрүн, Өзбекстан жана Тажикстанды карап жатат.