18:32
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу. Депутаттар экс-президентти чакырышты

Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын отурумунда Каныбек Иманалиев отурумга каалагандын баары катыша алат деди.

Айтымында, эгерде Алмазбек Атамбаев же анын ишенимдүү кишилери катышууну кааласа, алар үчүн эшик ачык. 

Бирок, депутаттар Турсунбек Акунга Атамбаев учурундагы жемкорлук тууралуу айтайын деген кебин тыйып коюшту. Эл өкүлдөрү Турсунбек Акундун өзү Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталып жакан соң, анын сөз сүйлөшү объективдүү болбой калат дешти.

Бүгүн саат 12де комиссия чечим чыгарат. Талкуу жабык эшик артында өтөт.

Экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу маселе парламентте алгач 2018-жылы Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу талкуу учурунда көтөрүлгөн. Депутат Масалиев ЖЭБди модернизациялоого буга чейинки бийликтин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып чыккан. Ошондон тартып бул демилге Алмазбек Атамбаевге каршы багытталган аракет катары бааланып, коомчулукта кызуу талкууга негиз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар