16:50
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаевди психикалык жактан оорулуу деп аташты

Алмазбек Атамбаевди психикалык жактан оорулуу жана саясий авантюрист деп аташты. Бул тууралуу элдик парламенттин мүчөсү Александр Гусев мурунку президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын отурумунда айтты. 

Ал Алмазбек Атамбаевди акыл-эси жайында экенин текшерүүнү сунуштады. «Мен билгени Алмазбек Атамбаев өзүнүн көз карашын таңуулап, коркутуп келет. Биз качанкыга чейин психикалык жактан оорулуу Атамбаевге чыдай беребиз? Ал өлкөгө жамандык жана кайгы алып келди», -деди ал.

«Алмазбек Атамбаев бийликте турганда өзүнүн кемчилигин бетке айткан күнөөсүз кишилерди каматты. Ал шайлоочуларга ачык эле түкүрүп, тарапташтарын бийликти күч менен басып алууга чакырууда», -деп кошумчалады ал.

Эң көп окулган жаңылыктар