Москвада 18 жашар жалал-абаддык кыз сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Россиядагы диаспора маалымдайт.
Г.Б. эс алуу учурунда Москва дарыясына чөгүп кеткен. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан болот.
«Сууга түшүп эле чыкпай калган. Сүзгөндү билбейт экен. 20 минуттан кийин сактоочулар алып чыгып, өмүрүн сактай алышкан эмес», — деп айтылат маалыматта.
Сөөгү бүгүн Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Маалыматка караганда, Г.Б. эки жылдан бери Москвадагы кытай кафесинде иштеп жүргөн.