15:45
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орок айлында болгон жаңжалда жабыркаган 2 өспүрүмдүн абалы туруктуу

Сокулук районуна караштуу Орок айлында болгон жаңжалда жабыркаган 2 өспүрүмдүн абалы туруктуу. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, алардын ооруканадан качан чыгаары белгисиз. «Балдар дарыгердин көзөмөлүндө», -деп билдиришти министрликтен.

Эске салсак, 5-июнда Орок айылындагы мечиттен чыгып бара жаткан 3 өспүрүм уруша кетишкен. Анда 2 өспүрүм 1 баланы сабап салышкан, кесепетинен бала жаракат алып ооруканага жеткирилген. Кийин урушуп кеткен балдардын туугандары 2 тарап болуп нааразычылык акциясына чыгышкан. Ортодо пикир келишпестиктер жаралып, 15 үйдүн терезелери талкаланып, чөп жыйылып турган 1 сарай өрттөлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар