13:38
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Туйгунаалы Абдраимов: Кабарчы кыздан кечирим суроого даярмын

Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов «Азаттыкка» маек курду.

Туйгуналы Абдраимов Чүй облусундагы Жаңы-Жер жана Орок айылындагы кырдаал, журналистке кызга кылган орой мамилеси, шайлоо системасы жана учурдагы иштери тууралуу «Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүндө айтып берди.

Абдраимов маек учурунда убагында учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жараштырууга аракет кылганын, КСДПнын азыркы лидерлери тууралуу да айтты. Жашоо-турмушуна нааразы болгон адамдарды Индияга саякатка алып барып, чыныгы кедейлик кандай болорун көргөзгүсү келерин билдирди.

Материалдык жактан бай болбосо да, руханий жактан бай адам экенин белгиледи.

Кабарчы кызга «түрүң жакпай калды» деп айтканы үчүн андан кыргыздын кызы катары кечирим суроого даяр экенин, мындан ары журналисттерди көргөндө кача турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар