Москвадагы мигранттар «День России» майрамына катышышты. Бул тууралуу Россияда иштеген мекендештер маалымдашты.
Алардын билдирүүсүндө, кыргыздар Москва шаарынын ВДНХ паркында өткөн салтанатка катышты.
«Майрамдык салтанатта ар улуттар өздөрүнүн майрамдык программасын тартуулашып, көптүн катарында Москва шаарындагы кыргыз маданий борборунун чыгармачыл жамааты дагы өзгөчө маанай тартуулай алды десем жаңылышпайм. Өзгөчө экендигин биздин таланттуулардын ар бир аткарган ыр, бийлерин тамшана жана таңдана тиктеп шатырата алакан чаап, бизди курчап турган эл тастыктап турду», — дейт Аскат Турдашов.
12-июнда Россия эгемендүүлүгүн белгилейт.